Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдар

09.10.2026 | 09:27
Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдар — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 5 миң 579 учуру катталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, оорунун деңгээли күтүлгөн көрсөткүчкө дал келет. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 1,4 эсеге азайган.

Ооругандардын жалпы санынын 75%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт — 4 миң 182 учур.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында респиратордук инфекциялардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү уланууда. Изилденген 4 миң 66 үлгүнүн ичинен оң натыйжа 542 учурда (13,3%) аныкталган.

Алардын ичинен:

  • 492 учур (90,8%) — А гриппи, анын ичинде H3N2 жана H1N1;
  • 14 учур (2,6%) — В гриппи;
  • 36 учур (6,6%) — COVID-19.

Мындан тышкары, аныкталган башка респиратордук вирустардын арасында риновирус (28,8%), респиратордук-синцитиалдык вирус (25,7%) жана метапневмовирус (14,6%) басымдуулук кылат. Ошондой эле парагрипп жана аденовирустар да табылган.

Департамент Кыргызстанда сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө иштери жүрүп жатканын эскертти.

Биринчи кезекте эмдөө өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан ашкан жарандарга, кош бойлуу аялдарга, бат-баттан ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан (ҮМБ) акысыз эмдөөдөн өтүүгө болот.

Бишкек шаарында бир дозасы 850 сомдон башталган акы төлөнүүчү эмдөө төмөнкү медициналык мекемелерде жеткиликтүү: ЦАДМиР, «Кроха», «Малыш», «Эдельвейс», «Интермедикал», «Авицена», «Клиника 21», «Чипенко», «Комфорт Мед» жана № 312 бейтапканасы.

Scroll to Top