Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен бирге Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аш фестивалына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Аны менен бирге иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.


Фестивалдын катышуучуларына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын салттуу тамак-аштары, улуттук кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды.

Мамлекет башчылары КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин кулинардык каада-салттары жана маданий мурастары менен таанышышты.

