Кырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды
Күзгү жамгырлар жана бийик тоолуу аймактарда кар жаайт: 9-октябрга карата аба ырайы
09.10.2026 | 09:00

Бүгүн, 9-октябрда, түнкүсүн республиканын бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
- Чүй облусунда: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 17…22°C;
- Талас облусунда: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 15…20°C;
- Ош облусунда: түнкүсүн 9…14°C, күндүз 20…25°C;
- Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 9…14°C, күндүз 20…25°C;
- Баткен облусунда: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 19…24°C;
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 14…19°C;
- Нарын облусунда: түнкүсүн 2…7°C, күндүз 15…20°C;
- Бишкек шаарында: абанын температурасы түнкүсүн 7…9°C, күндүз 19…21°C болот. Жаан-чачын күтүлбөйт;
- Чолпон-Ата шаарында: абанын температурасы түнкүсүн 6…8°C, күндүз 17…19°C болот. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода