Кыргызстанда калктын 5,4 пайызы карылыктын босогосунда турат

07.12.2023 | 09:52

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетине таянып, “Акчабар” жазып чыкты.

БУУнун шкаласы боюнча, эгерде 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын жалпы калктын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; 4 пайыздан 7 пайызга чейинки аралыкта болсо, калк карылыктын босогосунда болсо; 7 пайыздан жогору болсо – улгайган калк.

“Кыргызстанда 2023-жылдын башына карата 378,1 миң адам же 65 жаштан жогорку курактагы кыргызстандыктардын 5,4 пайызы (2019-жылдын башында – 4,7 пайыз) болгон”- деп айтылат маалыматта.

Бирок бул көрсөткүч КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аз. Азербайжанда жана Казакстанда 8,5 пайызды, Орусия жана Белоруссияда 16,5 пайызды түздү. БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция 2030-жылы пайда болот, анда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top