Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Кыргызстанда жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү боюнча кайда даттанууга болот?
13.06.2026 | 10:15

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө, — деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Долбоор 2026-жылдын 31-июлуна чейин созулары такталды.
Ведомствонун маалыматына караганда, долбоорду ишке ашыруу мезгилине жумуш орундарындагы зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу, аныктоо жана кароо тартибин аныктаган убактылуу нускама бекитилди.
Пилоттук этаптын жыйынтыгы боюнча демилгенин натыйжалуулугуна баа берилет. Анын жыйынтыктарынын негизинде тиешелүү механизмдерди мындан ары улуттук деңгээлде киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо пландаштырылууда.
Министрликтен ошондой эле жумуш ордунда зордук-зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө кабылган жарандар эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына 0312 39 16 35 телефону аркылуу кайрыла алышарын билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: долбоор, Кыргызстан