Кыргызстанда кайрымдуулук үчүн берилген акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталууда

12.06.2026 | 13:00
В Кыргызстане предлагают запретить сбор благотворительных средств на личные счета — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда кайрымдуулук үчүн берилген каражаттарды чогултууну жана колдонууну тартипке салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу тарабынан демилгеленген мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Анын максаты — кайрымдуулук чөйрөсүн укуктук жөнгө салуу, каражаттарды чогултуудагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана алдамчылык фактыларына бөгөт коюу болуп саналат.

Мыйзам долбоорго ылайык, кайрымдуулук үчүн каражаттарды чогултуу үчүн коммерциялык банктарда милдеттүү түрдө «атайын максаттуу эсеп» ачылышы керек. Бул эсепке түшкөн каражаттарды жеке муктаждыктарга же кайрымдуулукка тиешеси жок башка максаттарга колдонууга катуу тыюу салынат.

Ошондой эле мамлекеттик кайрымдуулук порталын түзүү сунушталды. Ал жерде кайрымдуулук жыйымдарын жүргүзгөн жактар каттоодон өтүүгө жана квартал сайын санариптик отчёт берүүгө милдеттендирилет.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесине толуктоо киргизүү сунушталды. Ага ылайык, кайрымдуулук ишин жүзөгө ашыруу шылтоосу менен жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Ал эми чогултулган каражаттарды баштапкы максатта колдонуу мүмкүн болбой калган учурда (бейтаптын каза болушу же дарылоодон баш тартуу), калган сумма донорлордун макулдугу менен башка кайрымдуулук максаттарына багытталышы же ээлерине кайтарылышы шарт.

Документте ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын административдик чыгымдарынын жол берилген чегин 2 пайыздан 15 пайызга чейин жогорулатуу каралган. Бул чара кесипкөй кызматкерлерди тартууга, бухгалтердик эсепти, аудитти жана ички контролду тийиштүү деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

Scroll to Top