Бишкекте Грузия жана Кыргызстан аркылуу ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды — толук маалымат

Кыргызстан Грузияны мамилелери өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташууга негизделген маанилүү өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Мамлекет башчысы грузин тарабынын Кыргызстанга мындай жогорку деңгээлдеги биринчи расмий сапары болуп жатканын белгиледи.
КР Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Транспорттук байланыш жана транзиттик потенциалды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жапаров белгилегендей, өзүнүн географиялык жайгашуусуна жана Кара деңиздеги порттук инфраструктурасына байланыштуу Грузия Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук байланыштарды камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Президент 2024-жылдын июнь айында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлганын эске салды.

«Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 9 миң жумушчу жана 6 миңден ашык техника тартылган. Ал аймактагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат жана Евразия мейкиндигинин заманбап транспорттук архитектурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калат», — деди Жапаров.
Анын айтымында, долбоор аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу Грузиянын деңиз портторуна багытталган жүк транзитинин көлөмүнүн олуттуу өсүшү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу келечеги талкууланды.

Ираклий Кобахидзе соода-экономикалык, айыл чарба, туризм, маданият, спорт жана экология тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Ошондой эле Грузиянын премьер-министри Садыр Жапаровду өлкөгө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, чакыруу кабыл алынды.
Тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту:
• Кыргызстан менен Грузиянын авиациялык бийликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
• мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
• ветеринария жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
• Кыргызстан менен Грузиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы;
• радиациялык коргоо, өзөктүк (ядролук) коопсуздук жана коргоо чөйрөсүндө кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө меморандум;
• билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
• товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу макулдашуу;
• дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу макулдашуу;
• эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандум.