Кыргызстанда бул жумада аба ырайы кандай болот?

Кыргызстанда бул жумада аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет агенттиги 26-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы нормадан бир градус төмөн болсо, жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Чүй облусу

21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 23-ноябрда айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт, 24-ноябрда күн ачык болот. 25-ноябрда айрым жерлерге жамгыр, тоолорго кар жааса, 26-ноябрда кайра күн ачылат.

Талас облусу

21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарга жамгыр, тоо этектеринде жана тоолорго кар жаайт. 23-26-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош облусу

Өлкөнүн түштүк регионунун борборунда апта башынан аягына чейин күндүн көзү бузулбай, ачык бойдон турат.

Жалал-Абад облусу

21-22-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. 23-ноябрда күн ачылып, 25-ноябрга чейин өзгөрүүсүз турат. 26-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Баткен облусу

Бул аптада облустун бардык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

21-22-ноябрда айрым жерлерде кар жаайт. 23-ноябрда кээ бир жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.

24-25-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 26-ноябрда тоолуу аймактарда кар жаайт.

Нарын облусу

20-23-ноябрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-ноябрда күн ачылып, 26-ноябрга чейин жаан жаабайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>