Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев алдыда

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев алдыда

Казакстандагы «Ачык коом» институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.

Экинчи сапка 5,2% менен «Баарына каршы» деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге жакыны же 69,4 пайызы добуш берди.

Жети-Суу облусунда шайлоочулардын 81 пайыздан ашыгы добуш берсе, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 28 пайыздайы гана урнага бюллетень салды.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаевден башка бул шайлоого катышкан беш талапкердин баары коомчулуктун кеңири катмарына белгисиз. Мындан улам көз карандысыз байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун белгилешүүдө.

20-ноябрдагы добуш берүү бир нече шаарда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду. «Азаттыктын» казак кызматы жазгандай, Алматы шаарынын үч жеринде таза шайлоону талап кылган 30га чукул активистти полиция кармап кетти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>