Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстанда мамлекеттик мунай компаниясы түзүлөт
13.05.2025 | 10:33
Кыргызстанда “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүлөт. Тиешелүү токтом “Эркин-Тоо” гезитинин 13-майдагы санына жарыяланды.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон. Ага ылайык, ишкана күйүүчү-майлоочу материалдарга ички суроо-талапты канааттандыруу максатында түзүлүп жатат.
“Кыргыз мунай компаниясы” Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин алдында түзүлөрү белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат