Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды

16.10.2026 | 13:59
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — Новости Кыргызстана
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — иллюстрация
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — контекст события
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — фото 4
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — фото 5
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — фото 6
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — фото 7
Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды — фото 8

Бүгүн, 16-октябрда, Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионаты башталды. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова катышты. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык мелдеш 25-октябрга чейин уланат. Ага Азиянын 11 өлкөсүнөн келген 74 шахматчы катышууда. Катышуучулар 50 жаштан жана 65 жаштан жогорку курактагы эркектер жана аялдар категориялары боюнча күч сынашышат.

Мелдеш Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргыз шахмат союзу, Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Азия шахмат федерациясынын жана ФИДЕнин алкагында өткөрүлүүдө.

Scroll to Top