Зеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Newsmax телеканалына берген маегинде Украинадагы жаңжал акыры тынчтык жолу менен жөнгө салынарын, бирок анын пикиринде, макулдашууларга Владимир Зеленскийдин катышуусуз эле жетишилерин билдирди.
Трамп дагы эмнелерди билдирди:
• жаңжалдын тараптары акыры келишимге келишет, бирок Украинанын азыркы лидеринин катышуусуз;
• Зеленский — биз алака түзө турган (иш алып бара турган) адам эмес. Ал маселени жөнгө салууну каалай турганын айтып жатат, бирок андай эмес;
• Зеленский менен макулдашууга жетишүү РФ президенти Владимир Путинге караганда кыйыныраак;
• мен аны [Зеленскийди] Ф. Т. Барнум деп атайм (америкалык шоумен, цирктин негиздөөчүсү. — Ред. эскертүүсү);
• менимче, Украинага шайлоо керек;
• Зеленский — бүтүм түзүү абдан кыйын болгон адам;
• Жо Байден президент болуп турган кезде Украинага өткөрүлүп берилген америкалык ракеталар кийин ачык базарда кайра сатылып кеткен;
• мен [Иранга каршы] өзөктүк курал колдонмок эмесмин. Бизге мунун кереги жок;
• биз бул тууралуу Орусия менен чындап сүйлөшүп жатабыз, ошондой эле денуклеаризация (өзөктүк куралсыздануу) боюнча Кытай менен да сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз.