Бишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйт

14.10.2026 | 11:55
Бишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйт — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынан чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттары боюнча каттаган таксилер жана минивэндер эми Чыгыш автобекетинин маңдайынан жөнөйт. Бул таксилер үчүн автобекеттин каршысында унаа токтотуучу жай даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бишкек мэринин тапшырмасына ылайык, буга чейин Аламүдүн базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташып келген айдоочулар Чыгыш автобекетинин аймагына көчүрүлөт.

Бул чечим Аламүдүн базарынын тегерегиндеги башаламан токтогон унааларды иретке келтирүүгө, чектеш көчөлөрдөгү жол тыгындарын азайтууга жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мэрия жарандардан шаар четине жана аймактарга чыгууда ушул уюштурулган аянтчаны пайдаланууну өтүндү.

Scroll to Top