Сыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалды

13.10.2026 | 11:19
Сыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги К.С. аттуу жаран массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга чакырык жасаган деп шектелип кармалганын билдирди.

ИИМдин маалыматында, чет өлкөдө жүргөн К.С. интернет аркылуу митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялап келген. Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандыкка чакыруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, ИИМ аталган жаран буга чейин ишкердикти биргелешип кылуу шылтоосу менен башка жарандан 150 миң АКШ долларын алдап алган деген шек менен издөөдө жүргөнүн билдирди.

Учурда кармалган К.С. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

ЖМКлар кармалган жаран К.С. ишкер Сыргак Кенжебаев экендигин жазышууда. Ал мурда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Сыргак Кенжебаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматованын күйөөсү катары да белгилүү болгон.

Теги: ИИМ
Scroll to Top