Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга рейд башталды  

Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга рейд башталды  

Кыргызстанда скутер,  мопед, велосипед жана электросамокат каражаттарын башкарган жарандар катышкан жол кырсыктарынын саны көп катталууда, деп билдирет ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, аба-ырайынын жылышы менен борбор калаабызда жарандардын скутер, мопед, велосипед жана электросамокат транспортторун кеңири колдонулушу байкалууда, ошондой эле, тамак-аш ташуу менен алектенген курьерлер айдоочуларга тоскол жаратууда.

Жогорудагылардын негизинде, алардын жол эрежесин толук сактоосу боюнча жана укук бузууларды жөнгө салуу максатында, ИИМдин ЖКККББнын демилгеси менен ИИМдин Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматтары менен 2024-жылдын 20-апрелинен 23-апрелине чейин чоң масштабда рейд өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>