Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кыргызстанда сутка ичинде 298 ымыркай төрөлдү
01.01.2023 | 13:11
Кыргызстанда 2022-жылдын 31-декабрында таңкы сегизден 2023-жылдын 1-январынынын таңкы саат сегизге чейин 298 ымыркай төрөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 165и уул болсо, 133ү кыз. Сутка ичинде Ош облусунда эгиз төрөлдү.
Бишкекте 22 уул, 24 кыз төрөлгөн.
Өлкөдө быйылкы жылда биринчи төрөт Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо болгон — 3,3 кг салмактагы эркек бала төрөлгөн.
Ошондой эле, саат 00:05те Ысык-Ата районундагы төрөт үйүндө 3,45 кг салмактагы эркек бала төрөлгөн, ал эми саат 00:10до Сокулук районунда медициналык мекемеде 3,175 кг салмактагы кыз төрөлгөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом