Кыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдө

Кыргызстанда дары каражаттарын жеткирүүнүн бардык баскычтарында алардын жүгүртүлүшүнө карата талаптарды белгилеген Тийиштүү дистрибьютордук практиканын (GDP) эрежелерин бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, документ дары-дармектерди дүң жана чекене сатуу менен алектенген фармацевтикалык рыноктун катышуучуларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Негизги максаттардын бири — дары каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн бардык баскычтарында алардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу.
Эрежелер дары каражаттарын сатып алууга жана сатууга, имараттар менен жабдууларга, кызматкерлердин квалификациясына, сактоо жана ташуу шарттарына, ошондой эле керектүү документтерди жүргүзүүгө карата талаптарды камтыйт.
Препараттын ар бир сериясын же партиясын байкоого алуу (көзөмөлдөө) мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Бул дарылардын жеткирүүчүсүн, сатып алуучусун жана кайда экенин аныктоого, ал эми талапка жооп бербеген же сапатсыз продукция аныкталган учурда аны тезинен жүгүртүүдөн чыгарып салууга мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы эрежелер рынокко жасалма жана сапатсыз дарылардын чыгып кетүү тобокелдигин азайтат, аларды сактоо, ташуу жана сатуу шарттарына көзөмөлдү күчөтөт, ошондой эле фармацевтика рыногунун катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатат.
Негиздеме-маалымкатта ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу менен алектенген лицензиаттар үчүн ЕАЭБдин GDP талаптарына шайкештик сертификатын алуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин ыктыярдуу болгондугу көрсөтүлгөн. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта мындай сертификаттын болушу милдеттүү болуп калды.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сунушталган талаптарды ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт, ал эми жеке фармацевтикалык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен жабууга тийиш.
Ошол эле учурда, маалымкатка ылайык, долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.
Токтом кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.