Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
КР МСК «Айсалык» жасалма интеллект-кеңешчиси бар жаңы сайтын ишке киргизди
25.09.2026 | 11:40

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жаңы расмий сайтын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жаңыртылган санариптик платформа 25-сентябрдан тарта бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жаңы сайт жарандар жана бизнес менен өз ара байланышты жеңилдетүү, салыктык маалыматтарды ыкчам алуу жана салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.
Кызматтан белгилешкендей, платформанын түзүмү жана багыттоо (навигация) системасы жөнөкөйлөтүлүп, ашыкча жана бирин-бири кайталаган бөлүмдөр алынып салынды.
Жаңылыктардын бири жасалма интеллект технологияларына негизделген «Айсалык» виртуалдык кеңешчиси — чат-боту болду. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүү үчүн арналган.
Мындан тышкары, колдонуучулар бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалын сайттын башкы бетинен түз эле, авторизациядан өтпөстөн текшере алышат.
Ошондой эле сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, «Салык төлөөчүнүн кабинетине» жана башка электрондук кызматтарга түз шилтемелер жайгаштырылган.
МСК билдиргендей, адистер колдонуучулардын талап-муктаждыктарын эске алуу менен платформаны мындан ары да өркүндөтүүнү жана оптималдаштырууну улантышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом