Жапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды

25.09.2026 | 15:41
В Японии предложили продвигать Центральную Азию как единый турпродукт — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов Жапонияда өтүп жаткан Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган тегерек столго катышты.

Иш-чара Жапониянын туристтик агенттиктер ассоциациясы (JATA), Жапониянын улуттук туристтик уюму (JNTO) жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму (UN Tourism) тарабынан уюштурулган.

Тегерек столдун жүрүшүндө айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, жоопкерчиликтүү туризм жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө Эдуард Кубатов туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн, табигый жана маданий мурастарды сактоонун, ошондой эле туристтик инфраструктураны жакшыртуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Борбор Азияны бирдиктүү туристтик регион катары илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кубатов региондун өлкөлөрүндө өз туристтик потенциалын биргелешип илгерилетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, көчмөн цивилизациясы, тарыхый-маданий мурас, тоо туризми жана уникалдуу жаратылыш ар түрдүүлүгү Борбор Азиянын бирдиктүү туристтик продуктун түзүүгө негиз боло алат.

Тегерек столдун алкагында Филиппин, Иордания, Камбоджа, Жапония, Грузия, Египет жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана туристтик ведомстволорунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын иш-чарага катышуусу туруктуу туризмди өнүктүрүүдө тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде алга жылдырууга өбөлгө түздү.

Теги: Жапония
Scroll to Top