Мурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана адам өмүрүнө коркунуч келтирүү кылмыштарына шектелип 56 жаштагы жаран кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү мурда бейбаштык, тоноо, зордуктоо жана адам өлтүрүү фактылары боюнча алты жолудан ашык соттолуп, 35 жылдан ашык убакыт эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөгөн. Ал жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин жакын туугандарын өлтүрөм деп коркутуп келгендиги аныкталган.
Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизат каражаттары табылган. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы анын баңгизат колдонгондугун тастыктаган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. УУКМК учурда иштин жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.