Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилди
Бүгүн, 25-сентябрда, Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө жалпы наркы 68 млн 144 миң 792 сомдук медициналык жабдуулар жеткирилип, орнотулду жана пайдаланууга берилди. Жабдуулар Sharjah Charity International жана «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фонддору тарабынан берилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бөлүмгө контактсыз тонометр, периметр, Meridian MKQ SLT лазердик системасы, оптикалык когеренттик томограф, операциялык оптикалык микроскоп, фундус-камера, ультраүндүк диагностикалык аппарат, оптикалык биометр, ошондой эле катарактаны факоэмульсификациялоо жана витреоретиналдык хирургия аппараты тапшырылды.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улук Кулукеевдин маалыматы боюнча, бөлүмдө буга чейин жылына орточо 1 500–1 800 операция жасалып келген. Жабдуулардын ишке кириши менен операциялардын санын жылына 3 000–3 500гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Министрликтин маалыматында, бөлүмдү жабдуу боюнча долбоор 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары Шейх Султан бин Ахмад аль-Касиминин Улуттук госпиталга болгон сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн. Долбоордун жыйынтыктары жабдууларды тапшыруу аземинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин аталган уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды.





