РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке кирет
25.09.2026 | 18:44
Ушул жылдын 30-декабрында Ош шаарында «ОбидФайз» жоопкерчилиги чектелген коомунун балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 25-сентябрда, калаа мэри Жанарбек Акаев аталган ишканага барып, анын даярдыгы менен таанышты.
Долбоордун инвестициялык наркы 393,7 млн сомду түздү, каражат ишкананын өз эсебинен каржыланган. Заводдун кубаттуулугу суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын чыгарууга ылайыкталган.
Ишкана ишке киргенден кийин 60 туруктуу, ал эми сезондук мезгилде 150дөн ашык жумуш орду түзүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары


