Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Өткөн жылдагы Баткен окуясында жабыркагандарга компенсация төлөндү
12.02.2022 | 10:18
Баткен облусунда өткөн жылдын 28-30-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардамды төлөө 37 миллион 536,75 миң сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 137 адам компенсация алган. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркаган жарандарга жаракаттын оордугуна жараша 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин төлөнүп берилди.
2021-жылдын 28-30-апрелиндеги чек арадагы куралдуу кагылышта 31 адам набыт болгон. Алардын үй-бүлөсүнө мамлекеттик бюджеттен 31 миллион 155 миң сом бөлүнгөн. 106 жабырлануучуга 6 млн 381,75 миң сом бөлүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом