Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Кыргызстанда аба ырайынан улам үч унаа жолу убактылуу жабылды
16.02.2024 | 20:20
Кыргызстанда 16-февралда туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, 3 унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Убактылуу жабылган жолдор:
– Кочкор районунда Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин;
– Чаткал районунун Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары;
– Кара-Кулжа районунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 101-107-чакырым аралыгы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар