Кыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашуудаБишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдүАнонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт
Ысык-Көлгө жаңы жетекчи дайындалды
16.02.2024 | 19:47
Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейин Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар