Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат. Бул тууралуу өкмөттүн чечими 2021-жылдын октябрь айында чыккан. Бул тууралуу «Марал» жазды.

Орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт.

Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт. Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына 14.1%га чейин 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>