ToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет

9-11-октябрь күндөрү Бишкек шаары аниматорлордун, режиссёрлордун, сүрөтчүлөрдүн жана эл аралык анимация индустриясынын өкүлдөрүнүн жолугушуу аянтчасына айланат. Экинчи эл аралык ToonDook фестивалында ар кайсы өлкөлөрдүн авторлору чогулат, ал эми атайын коноктордун катарында Роберт Вэлли, Жан-Кристоф Роже жана Аннегрет Рихтер бар. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдирди.
Фестивалдын эң белгилүү катышуучуларынын бири канадалык режиссёр, аниматор жана сүрөтчү Роберт Вэлли болот. Ал Netflixтин «Сүйүү, өлүм жана роботтор» (Love, Death & Robots) сериалынын бир нече эпизодунун, анын ичинде «Зима Блю», «Муз» жана «400 жигит» бөлүмдөрүнүн үстүндө иштеген. Бул долбоордогу эмгеги үчүн Вэлли «Эмми» сыйлыгына үч ирет татыган. Анын «Алмурут сидри жана тамекилер» (Pear Cider and Cigarettes) аттуу кыска метраждуу тасмасы «Оскар» сыйлыгына талапкер болгон. Ошондой эле ал ар кайсы жылдары Gorillaz тобунун клиптеринин жана «Трон: Көтөрүлүш» долбоору үчүн каармандардын дизайнын жасоонун үстүндө иштеген.
ToonDook фестивалында Вэлли калыстар тобунун курамына кирип, атайын мастер-класс өткөрөт жана өзүнүн чыгармачылык процесси менен учурда иштеп жаткан долбоорлору тууралуу айтып берет.
Дагы бир кадырлуу конок — франциялык режиссёр, сценарист жана сторибордчу-сүрөтчү Жан-Кристоф Роже. Ал Жюльен Шенг менен биргеликте «Эрнест жана Селестина: Гибберитияга саякат» толук метраждуу мультфильмин тарткан. Бул эмгек мыкты көз карандысыз анимациялык тасма катары Annie Awards сыйлыгына көрсөтүлүп, ошондой эле Франциянын «Сезар» сыйлыгына да талапкер болгон.
Бишкекте Роже анимациялык фильмди жаратуу учурунда сценарий, сториборд (раскадровка), графикалык дизайн жана режиссёрлук иштер кантип айкалышары тууралуу айтып берет.
Германиянын атынан фестивалга Аннегрет Рихтер катышат — ал Штутгарттагы Эл аралык анимациялык тасмалар фестивалынын көркөм директору. Буга чейин ал Filmfest Dresden фестивалын жана DOK Leipzig фестивалынын анимация багытын жетектеген. Рихтер ошондой эле анимациялык кино чөйрөсүндө куратор жана эксперт катары эмгектенип, кесиптик комиссиялардын жана эл аралык уюмдардын ишине катышып келет.
Уюштуруучулар ToonDook фестивалын жылдын башкы анимациялык окуясы деп аташууда. Программада аниматорлордун эл аралык сынагы, кино көрсөтүүлөр, арт-мейкиндиктер, фестивалдык маркет, мастер-класстар, студиялар менен жолугушуулар жана билим берүү программалары камтылган.
Фестиваль 9-октябрдан 11-октябрга чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Билеттердин баасын уюштуруучулар жакынкы арада жарыялоону убада кылышууда.