«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Асыл тукум койлорду экспорттоого уруксат берилди
22.05.2026 | 09:44

Министрлер кабинети өлкө аймагынан асыл тукум койлорду жана айрым малдарды экспорттоого уруксат бере турган токтом кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жаңы токтомго ылайык, төмөнкү учурларда айыл чарба жаныбарларын экспорттоого уруксат берилет:
- Асыл тукум койлор, козулар жана кочкорлор;
- Кыргызстанда өстүрүлбөгөн жана «Кыргыз Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасы тарабынан экспорттоло турган тирүүлөй малдар.
Буга чейин өлкөдө өстүрүлгөн ири мүйүздүү малдарды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди ташып чыгууга толук тыюу салынган болчу. Министрлик билдиргендей, өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу максатын көздөйт. Токтом расмий жарыяланган күндөн, 22-майдан, тарта жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.