Эксклюзив

Шайлообек Атазов: Кыргызстанда Тайсондор менен Биволдордун чыгышын каалайбыз

29.06.2026 | 11:54
Шайлообек Атазов: Кыргызстанда Тайсондор менен Биволдордун чыгышын каалайбыз — Новости Кыргызстана

3-июлда Бишкекте Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасы уюштурган эл аралык профессионалдык бокс кечеси алгачкы жолу өтөт. Бул мелдеш эмне үчүн тарыхый окуя деп аталып жатат, ал ата мекендик мушкерлерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана Кыргызстан качан дүйнөлүк деңгээлдеги титулдук беттештерди өткөрө алат? Бул тууралуу Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов менен маектештик.

— 3-июлда Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс кечеси өтөт. Бул иш-чара Кыргызстан үчүн эмнеси менен өзгөчө жана күйөрмандар эмне үчүн сөзсүз келиши керек?

Бүгүн тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасы эл аралык BoxRec реестрине расмий катталды. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик, тарыхый окуя десем жаңылышпайм. Буга чейин профессионалдык мелдештер чет өлкөлүк промоутерлер аркылуу өткөрүлүп, бардык жетишкендиктер ошолордун эсебине жазылып келген.

Эми Кыргызстан өзүнүн кесиптик бокс лигасы бар мамлекет катары расмий таанылды. Бул биздин эл аралык деңгээлдеги турнирлерди өз алдынча уюштура аларыбыздын далили.

Турнирдин дагы бир өзгөчөлүгү – Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Россиядан жана АКШдан ардактуу коноктордун келиши. Казакстан менен Өзбекстандан олимпиада чемпиондору, дүйнө жана Азия чемпиондору келип, бул бокс кечесин колдошот.

Эң негизгиси, 3-июлда рингге чыккан ар бир мушкер BoxRec системасына катталып, расмий рейтингге ээ болот. Бул алардын келечекте эл аралык деңгээлде беттеш өткөрүп, титулдук кармаштарга чыгышына жол ачат.

Бул мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн эки жыл бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, юридикалык маселелерди чечип, лигабыз эл аралык талаптарга жооп берерин далилдедик.

Кеченин башкы беттешинде WBC Asia жана WBA Asia чемпиондук курларынын ээси Акжол Сулайманбек уулу чыгат. Ал төрт жолу титулдарын ийгиликтүү коргоп, бүгүн Кыргызстанды профессионалдык рингде татыктуу көрсөтүп келет.

Шайлообек Атазов: Кыргызстанда Тайсондор менен Биволдордун чыгышын каалайбыз — иллюстрация

Ошондуктан бул турнир чоң спорттук окуя гана болбостон, элге жакшы маанай жана чоң мотивация берет деп ойлойм.

— Турнирге кыргызстандык канча спортчу катышат жана алардын кимиси эл аралык аренада өзүн көрсөтүүгө эң чоң мүмкүнчүлүккө ээ деп эсептейсиз?

Турнирге Кыргызстандын улуттук курама командасынын эң күчтүү жана эң келечектүү мушкерлерин тандадык.

Алардын арасында Дүйнө кубогунун байге ээси Ануар Хаджиев, Кыргызстандын алты жолку чемпиону Мирзахид Имамназаров жана Ихтияр Нишанов бар. Ихтияр 72 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болуп, профессионалдык рингде эки жолу нокаут менен жеңишке жетишкен. Бул абдан таланттуу спортчу.

Өмүрбек Бек Жигит уулу Тажикстандын өкүлү менен беттешет. Мирзахид Имамназаров болсо Кубанын мушкери менен күч сынашат. Куба дүйнөдөгү эң күчтүү бокс мектептеринин бири экенин баары билет. Ошондуктан бул абдан олуттуу кармаш болот.

Ошондой эле Беларусь жана Таиланддан келген мушкерлер да катышат.

Албетте, биз абдан толкундап жатабыз. «Өз үйүңдө дубал да жардам берет» деген сөз бар. Бирок өз үйүндө жоопкерчилик да чоң болот. Өз күйөрмандарыбыздын алдында өлкөнүн намысын татыктуу коргогубуз келет.

Бирок бул спорт. Рингде эң күчтүүсү, эң мыкты даярданганы, эң акылдуусу жана таланттуусу жеңет. Ошондуктан тогуз мушкерибиз сөзсүз жеңет деп азыртан айтууга болбойт. Баарын ринг көрсөтөт.

Кудайга шүгүр, спортчуларыбыздын даярдыгы жакшы деңгээлде өтүп жатат.

Профессионалдык бокстун дагы бир айырмачылыгы – беттештердин узактыгы. Эгер ышкыбоз боксто үч раунд болсо, профессионалдык беттештер алты, сегиз, ал тургай он раундга чейин созулат. Бул таптакыр башка деңгээл. Бул жерде чыдамкайлык, туура тактика жана күчтү туура бөлүштүрүү өтө маанилүү.

— Бокс кечесине кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат жана атаандаштар кандай критерийлер менен тандалды?

Мисалы, Акжол Сулайманбек уулу үчүн Филиппинден, Ирандан жана башка өлкөлөрдөн талапкерлер каралган. Акырында Таиланддын мушкери тандалды. Себеби ал дагы Акжол сыяктуу Азия чемпиондук курунун ээси.

Жалпысынан атаандаштарды тандоодо алардын титулдары, рейтингдери жана деңгээли эске алынат. Чемпиондор чемпиондор менен, деңгээли окшош мушкерлер бири-бири менен беттешет. Эл аралык уюмдар дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү чемпионду жаңыдан профессионалдык карьерасын баштаган мушкерге каршы чыгарууга уруксат бербейт.

Шайлообек Атазов: Кыргызстанда Тайсондор менен Биволдордун чыгышын каалайбыз — контекст события

Мындан тышкары, медициналык талаптар дагы абдан катуу. Ар бир спортчу бардык медициналык документтерин тапшырып, текшерүүдөн өтүшү керек.

Кармаштардын карталарын жөнөткөндө айрым учурда документтер кайра кайтарылып, бул мушкердин деңгээли азырынча мындай беттешке жетишсиз деген жооптор келген учурлар болду.

Бишкекке Таиланддан, Кубадан, Беларусьтан, Россиядан, Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Филиппинден мушкерлер келишет. Биз профессионалдык рингде өзүн далилдеп, жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларды чакырдык. Башкача айтканда, тогуз өлкөнүн мыкты өкүлдөрү Бишкекте чогулат.

— 3-июлдагы турнирди Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги титулдук беттештерди өткөрүүгө жасалган биринчи кадам катары караса болобу?

Ооба. Бул биздин эл аралык деңгээлге чыккан биринчи олуттуу кадамыбыз.

Биз турнирди дүйнөлүк бокс уюмдарынын бардык талаптарына ылайык уюштуруп жатабыз. Рингди орнотуудан тартып, мушкерлердин чыгышына, калыстардын, инспекторлордун, промоутерлердин, матчмейкерлердин жана супервайзерлердин ишине чейин баары эл аралык стандарттарга жооп бериши керек.

Эгер ушул талаптардын бирөөсү дагы аткарылбаса, бизди катташмак эмес.

Бүгүн юридикалык, техникалык жана уюштуруучулук талаптардын баарын аткардык. Ошондуктан ушул күздө Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги титулдук беттештерди өткөрүү укугун ала алат.

Азыр мындай кармаштар Сауд Арабиясында, Дубайда, АКШда, Японияда өтүп, жүз миңдеген көрүүчүлөрдү чогултат. Биз дагы ошол деңгээлге бара жатабыз.

— Кыргызстанда таланттуу мушкерлер көп. Бирок эмне үчүн алардын көбү эл аралык профессионалдык деңгээлге чыга албай келет?

Бизде таланттуу мушкерлер чынында эле көп. Алардын бири – Акжол Сулайманбек уулу. Ал беш жыл Россияда чыгып, промоутердик уюмдар менен иштеп, дүйнөлүк деңгээлге жеткен.

Бирок маселе жөнөкөй эле болчу – Кыргызстанда профессионалдык боксту өнүктүргөн уюм жок эле.

Профессионалдык бокс – бул жөн гана беттеш эмес. Бул спортчуга акча табууга, титул алууга, дүйнөгө таанылууга жана өз өлкөсүнүн атынан чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Мушкер чемпиондук курду жеңип алып, дүйнөлүк рейтингде көтөрүлгөн сайын анын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Бирок профессионалдык спорт толук берилүүнү талап кылат. Бул жерде тамактануу, режим, ден соолук, даярдык – баары көзөмөлдөнөт. Бир мушкердин жанында менеджер, массажист, психолог, диетолог сыяктуу беш-алты адам иштейт.

Мурда биздин спортчулар дүйнөлүк деңгээлге чыга албай келгенинин негизги себеби – профессионалдык федерация менен лиганын жоктугу эле.

Албетте, Урматбек Назаров, Алмазбек Раимкулов сыяктуу улуу чемпиондор болгон. Бирок бир спортчу бүтүндөй системаны түзө албайт. Ал үчүн уюм керек.

Бүгүн биздин башкы катчы күн сайын чет өлкөлүк федерациялар менен англис тилинде кат алышып, документтерди жөнөтүп, турнирлерди макулдашууда. Бул өтө чоң эмгек.

Ошондуктан мурда мындай иштерди жүргүзө турган эч ким болгон эмес.

«Булактын көзүн ачсаң, суу өзү агат» дегендей, биз ошол жолду ачтык.

Биз Кыргызстанда келечектеги Тайсондор, Рой Жонстор, Биволдор, Холифилддер өсүп чыгышын каалайбыз. Биздин Айбектер, Нурбектер, Асандар жана Үсөндөр дүйнөлүк бокстун жылдыздары болушун каалайбыз. Ошол үчүн бул уюмду түздүк.

Бүгүн Америкадан, Япониядан жана башка өлкөлөрдөн кимди сунуштай аласыңар деп кайрылышса, биз расмий түрдө спортчуларды сунуштап, алардын деңгээлин, ден соолугун жана даярдыгын баалап бере алабыз.

Чет өлкөлүк уюмдун атынан чыккан спортчу өз өлкөсүн толук деңгээлде көрсөтө албай калат. Биз кыргызстандык мушкерлер дүйнөлүк аренага дал Кыргызстан желеги астында чыгышын каалайбыз.

Бул биздин чоң максатыбыз.

— Акыркы эки жылда Лиганын эң чоң жетишкендиктери кайсылар болду?

Акыркы эки жылда эл аралык долбоорлорго активдүү катышып келебиз.

Мисалы, ТҮРКСОЙдун алкагында 15–16 жаштагы спортчулар арасында WBC Turan куру үчүн мелдештер өткөрүлүп келет. Алар Казакстанда жана Өзбекстанда уюштурулган.

Кыргызстандын курама командасы алгачкы жолу Казакстандагы турнирге катышып, 60 килограммга чейинки салмакта Нур-Мухаммед чемпиондук курду жеңип алды. Бул биздин бокс үчүн чоң ийгилик болду.

Мындан ары дагы турнирлерди уюштуруп, профессионалдык боксту өнүктүрөбүз.

Пландарыбыздын бири – кесиптик бокс боюнча атайын зал жана машыгуу базасын ачуу.

Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги мушкерлерди Ысык-Көлгө машыгуу жыйындарына чакыргыбыз келет. Алар 10–15 күн даярданып, ошол эле учурда Кыргызстан менен таанышсын дейбиз.

Эки жыл ичинде акырындап алдыга жылып, эң негизги максатыбызга жеттик – Кыргызстан кесиптик бокс боюнча эл аралык реестрге кирди.

— Көптөгөн таланттуу кыргызстандык мушкерлер чет өлкөнүн желеги алдында чыгып же карьерасын сыртта куруп жатышат. Бул эмне үчүн болуп жатат?

Мурда спортчулар башка өлкөлөрдүн желеги алдында чыккан, анткени Кыргызстанда профессионалдык бокска шарт жок болчу.

Бирок дүйнөлүк деңгээлге чыгуу үчүн спортчуларды баары бир Америкага, Японияга жана башка өлкөлөрдөгү чоң турнирлерге алып барууга туура келет.

Бул алардын чет өлкөдө жашап калышы керек дегенди билдирбейт.

Мисалы, Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө машыгып, кийин дүйнө чемпиону болгон.

Ысык-Көл боксчулар, балбандар жана башка мушташ өнөрү боюнча спортчулар үчүн даярдык көрүүгө эң ылайыктуу жер.

Бул жерде даярданып, андан кийин Америкага, Японияга же Кытайга барып жеңишке жетип, кайра Кыргызстанга мамлекеттик желек менен кайтып келсе болот.

Мурда көпчүлүгү көп жылдык келишимдерге кол коюп, кайра чыга албай калышкан.

Бүгүн кырдаал өзгөрдү.

Биз лицензия берүү, дүйнөлүк бокс уюмдары менен түз иштөө жана кыргызстандык мушкерлерди өзүбүз дүйнөлүк аренага чыгаруу укугуна ээ болдук.

Бул үчүн азыр бардык мүмкүнчүлүк бар.

— Кыргызстанда профессионалдык бокстун каржыланышын кандай баалайсыз? Бизнес тарабынан кызыгуу барбы?

Профессионалдык бокс Кыргызстан үчүн жаңы багыт.

Бүгүн «матчмейкер» деген сөздү айтсаң, көптөр анын маанисин түшүнбөйт. Жөнөкөй тил менен айтканда, ал куданын милдетин аткарат – деңгээли бирдей эки мушкерди таап, алардын беттешин уюштурат.

Мындан тышкары промоутерлер, супервайзерлер бар. Алар спортчунун карьерасын куруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, беттештерди уюштурушат.

Бизде жакшы машыктыруучулар болгон. Бирок менеджмент, келишимдер жана спортчуларды дүйнөгө чыгаруу системасы жок эле.

Ошондуктан мен өзүм АКШга, Таиландга жана башка өлкөлөргө барып, бул тармак кандай иштей турганын үйрөндүм.

32 мамлекетте болуп келдим жана Кыргызстанда абдан таланттуу жигиттер бар экенине дагы бир жолу ынандым.

Ошол себептен Кесиптик бокс лигасын түзүүнү чечтик.

Бүгүн бизди жети жолку дүйнө чемпиону Урматбек Назаров, ардактуу президентибиз Алманбет Шыкмаматов, ишкерлер жана кыргыз спортуна кайдыгер карабаган көптөгөн адамдар колдоп жатышат.

Азырынча мамлекеттик каржылоо ала элекпиз.

Бирок профессионалдык бокстун өзгөчөлүгү – спортчу өзү акча таап, үй-бүлөсүн камсыздап, карьерасын кура алат.

Дүйнөдө бир беттеш үчүн 10–20 миллион доллар алган мушкерлер бар.

Албетте, биз азырынча ал деңгээлде эмеспиз.

Бирок Кыргызстанда ошондой ийгиликке жете турган спортчулар бар экенине ишенебиз.

— Сизди кийинки парламенттик шайлоодо көрөбүзбү?

Саясат ар бир адамдын жашоосунда кандайдыр бир деңгээлде болот.

Бирок мен эч качан интрига түзүп, адамдарды бири-бирине каршы коюп, кир саясат менен алектенүүнү максат кылган эмесмин.

Биз парламентке спортту өнүктүрүү, мыйзамдарды жазуу жана спортчулардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн келгенбиз.

Убактысы келсе, саясат эч жакка кетпейт.

Азыр болсо биздин башкы максатыбыз – кыргыз спорту, кыргыз боксу жана кесиптик боксту өнүктүрүү.

Эгер муну биз кылбасак, анда келечектеги чемпиондорду ким тарбиялайт?

Балким башкалардын мүмкүнчүлүгү, тажрыйбасы же кызыгуусу жоктур.

Ал эми бизде бул жоопкерчиликти алып, ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

— Кыргызстандагы эң негизги үч көйгөй кайсылар деп эсептейсиз?

Биринчиси – биримдиктин жетишсиздиги.

Жакында Ташкентте болдум. Жөнөкөй өзбек спортчусу рингге чыкканда бүт зал ордунан туруп колдоду. Министрлер, олимпиада чемпиондору, жетекчилер – баары бирдей турду.

Биз дагы мамлекетибиздин, желегибиздин жана жалпы максаттарыбыздын айланасына биригишибиз керек.

Экинчи маселе – кадр саясаты.

Өлкө башчысы канчалык күчтүү болбосун, кадр маселеси туура болбосо көп нерсеге жетишүү мүмкүн эмес.

Ар ким өз ишин мыкты билиши керек. Дарыгер – медицина менен, экономист – экономика менен, транспорт адиси – транспорт тармагы менен алектениши зарыл.

Ошондо мамлекет өнүгөт.

Үчүнчүсү – элдин колдоосу.

Эл жакшы демилгелерди, реформаларды жана өнүгүүнү колдошу керек.

Дүйнө бат өзгөрүп жатат.

Алдыга жылыш үчүн мамлекетке элдин ишеними жана колдоосу керек.

— Парламенттеги кайсы чечимдериңиз менен көбүрөөк сыймыктанасыз?

Эң биринчи спортчулардын шарттарын жакшыртканыбыз менен сыймыктанам.

Мурда суткалык төлөмдөр болгону 109 сом болчу.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев менен бирге аны эки эседен ашык көбөйтүүгө, ал эми эл аралык мелдештер үчүн 500 сомго чейин жеткирүүгө жетиштик.

Бул мен үчүн эң маанилүү жыйынтыктардын бири.

Мындан тышкары улуттук курама командалардын даярдыгы, тамак-ашы, спорттук формасы, жол киреси боюнча маселелерди дайыма көтөрүп келдик.

Ошондой эле кесиптик кошуундардын объектилерин инвентаризациялоо боюнча комиссияны жетектеп, мыйзам бузуу менен пайдаланылып келген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүздүк.

Миграция, спорт, жаштар саясаты боюнча маселелер менен дагы иштедим.

Ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын жана маданиятын сактоону ар дайым колдоп келдим.

Маектешкен Наргиза Токоева

Теги: спорт
Scroll to Top