Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Кыргызстандык боксчулар Сербиядагы мелдеште 9 медаль утту
10.02.2025 | 10:21
Кыргызстандык боксчулар Сербияда өткөн Belgrade Winner эл аралык мелдешинде 9 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын бирөө алтын, экөө күмүш жана алтоо коло.
Алтын медалды Зафарбек Камалов (54 кг), ал эми күмүшкө Элдар Турдубаев (71 кг) жана Бекзат Ысабек уулу (57 кг) татыды.
Ошондой эле Бекзат Эргешов (51 кг), Тургунбек Иманкадыров (57 кг), Баяман Азизбек уулу (60 кг), Оомат Белекбаев (63.5 кг), Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг) жана Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) коло медаль утту.
Кыргызстандык боксчулар мелдешке машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом