Кыргызстандык «Брюс Лиге» депутат акчалай сыйлык тапшырды

Кыргызстандык «Брюс Лиге» депутат акчалай сыйлык тапшырды

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматовду кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга жаш таланттын атасы Асилбек Ормонов да катышты.

Белгилей кетсек, Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын телеканалдары аркылуу уюштурулган бир катар долбоорлорго катышып, 6 жашынан бери өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп келет. Айрыкча нунчак менен теннис ойногондугу көпчүлүктү таңдандырган.

Жолугушууда депутат Нуржигит Кадырбеков көпчүлүк балдарга үлгү болуп келе жаткан Нурмухаммед Ташмаматовдун талыкпаган эмгекчилдигине жана изденүүчүлүк аракетине жогору баасын берип, ийгиликтерди каалады.

“Дүйнөдө Айтматовго карата чоң сый-урмат калыптанган. Анын сыңарындай, сен дагы талантың менен дүйнөгө таанылып, баарыбызды сыймыктандырган инсан бол”,– деди эл өкүлү.

Муну менен катар фракция лидери жаш талантка Мактоо баракчасын жана акчалай сыйлык тапшырды.

Нурмухаммад бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра уруп, рекорд койгон. Анын видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыялаган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>