Кыргызстандык эки боксчу дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык эки боксчу дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык мушкерлер Амантур Жумаев жана Тыныстан Алыбаев Черногориядагы жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды.

Мелдеш 2006-2007-жылы туулган спортчулар арасында өтүүдө.

Амантур Жумаев 54 кг салмакта, ал эми Тыныстан Алыбаев 92 кг салмакта таймашып, жарым финалга чейин жеткен. Бирок жарым финалда атаандаштарына жеңилип, коло байгенин ээси болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>