Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту

23.09.2026 | 18:06

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьeri Ли Цян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын август айында КЭР Төрагасынын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин башчылары жетишкен макулдашууларды практикалык жүзөгө ашырууга багытталган эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Касымалиев маектешин Күз ортосу майрамы, ошондой эле келе жаткан КЭРдин түзүлгөн күнүнүн 77 жылдыгы менен куттуктап, Кытайдын ушул жылдар ичиндеги ийгиликтерин белгиледи. Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Касымалиевдин айтымында, Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган акыркы сапары эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө кошумча түрткү берди.

«Урматтуу Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган акыркы ийгиликтүү мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында, биз лидерлерибиздин ортосунда жетишилген макулдашууларды практикалык жүзөгө ашырып, аларды конкреттүү долбоорлорго айландырышыбыз керек. Биздин флагмандык долбоорубуз, албетте, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу болуп саналат. Биз бул жолду үзгүлтүксүз курууну камсыз кылышыбыз зарыл», — деди ал, ошондой эле «Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу» автожолу долбоорун илгерилетүүнү жана жаңы «Бедел» КППсынын инфраструктурасын куруунун башталышын эске салды.

Минкаб башчысы соода-экономикалык өз ара аракеттенүү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин белгилеп, кытай ишканаларын, атап айтканда Чжэцзян провинциясынын компанияларын Кыргызстанда биргелешкен өнөр жай жана индустриалдык борборлорду түзүүгө, ошондой эле «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишмердүүлүгүнө катышууга чакырды. Касымалиев ошондой эле эки өлкөнүн коммерциялык банктарынын ортосундагы түз корреспонденттик байланыштарды кеңейтүүнү кошо алганда, финансылык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты өзүнчө талкуулашты.

«Биз менин сапарымдын алкагында Энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын кубаттайбыз. Бул документ конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенем», — деди Касымалиев.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле өнүгүп жаткан маданий-гуманитардык кызматташтыкты белгилеп, кытай тарапка Кыргызстандын жарандары үчүн Хайнань аралына барууда жана Кытай аркылуу 10 күнгө чейинки мөөнөттө транзит менен өтүүдө визасыз режим киргизгени үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек менен Саньянын ортосунда түз авиакаттам ачууну карап чыгууну сунуштады.

Ли Цян өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, артыкчылыктуу багыттарда — соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык чөйрөлөрдө, ошондой эле жашыл энергетика, жасалма интеллект жана санариптик экономика тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин тастыктады. Ал Бишкекте ШКУнун юбилейлик саммити жана Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруу боюнча координацияланган иштерди жүргүзүүгө умтуларын тастыкташты. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен КЭРдин Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын ортосунда электроэнергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Теги: кабмин
Scroll to Top