Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы иштин сапатына жараша төлөнүшү мүмкүн

24.09.2026 | 13:05
Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы иштин сапатына жараша төлөнүшү мүмкүн — Новости Кыргызстана

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларынын эмгек акысынын өлчөмү анын ишинин сапатына жараша аныктала башташы мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэриясында өткөн «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын бригадирлери менен жумушчу жолугушууда айтылды.

Эрежеге ылайык, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаса да төлөм кыскартылат.

Жолугушууда бригадирлерге эмгек акыны эсептөөнүн тартиби, кыймыл графигин сактоо жана эмгек тартиби боюнча талаптар айтылып, жаңы система түшүндүрүлгөн.

Мэрия бул чаралар айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын камсыз кылууга багытталганын билдирди.

Scroll to Top