Баткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттү

27.10.2026 | 17:40
Баткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттү — Новости Кыргызстана

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан аймактык ыкчам штаб түзүлүп, «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Машыгуу террордук топторду аныктоо, токтотуу жана зыянсыздандыруу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу максатында уюштурулган. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттерин текшерүүгө багытталган.

Иш-чарага УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин облустагы бөлүктөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы жана Саламаттык сактоо министрлигинин медицина кызматкерлери катышкан.

Машыгуу учурунда күч түзүмдөрүнүн террордук коркунучтар жаралган кырдаалдагы даярдыгы жана өз ара аракеттенүүсү сыналган.

Scroll to Top