Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайт
Кыргызстандын дивиденд түрүндөгү кирешеси жарыяланды
09.09.2022 | 19:59
Январь-июль айларында Кыргызстанга муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардан, ошондой эле Улуттук банктан дивиденд жана пайда түрүндө 8 миллиард 459,4 миллион сом түштү.
Анын ичинен мамлекеттик, муниципалдык акциялар пакети боюнча чегерилген дивиденддер 2 млрд 458,9 млн сомду, Улуттук банктын мамлекеттик бюджетке чегерилген пайдасы – 5 млрд 773,3 млн сомду, мамлекеттик ишканалардын кирешеси – 227 млн 274,8 миң сомду түздү.
Ошол эле учурда июль айында жалпы суммадан казынага 600 миллион 854,9 миң сом дивиденд жана мамлекеттик ишканалардын кирешесинен 500 миң сом гана түшкөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика