Инновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдү

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору деп кайра аталды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Чечим технологияларды трансферттөө жана инновациялардын улуттук системасын түзүү, илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу, ошондой эле илим, билим берүү, бизнес жана мамлекеттин ортосундагы байланышты координациялоо максатында кабыл алынган.
Токтом менен борбор тууралуу жобо бекитилди. Министрликке мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү милдети жүктөлдү. Иштер министрликтин бекитилген штаттык санынын жана каржылык каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.