Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Бишкек: Сейил бактагы 26 соода түйүнү жок кылынды
09.09.2022 | 19:47
Октябрь администрациясы жана райондук кызматтар менен биргеликте райондун аймагындагы мыйзамсыз көчө соодасын жоюу максатында жума сайын рейддерди өткөрүп келет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, борбор калаадагы «Ынтымак-2» сейил багында мыйзамсыз баш аламан соода сатыкка текшерүү жүргүздү.
Баш аламан соода шаардын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу менен коштолуп, борбордун бюджетине жана энергетика тармагына белгилүү бир жоготууларды алып келүүдө.
Рейддин жыйынтыгында 26 баш аламан соода пунктары жок кылынды. Бардык көчөдө соода кылгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар