Чет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жанданды
Бишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
20.10.2026 | 11:09

Бишкек шаарында Хорватия Республикасынын консулдугу ачылды. Ал эми Хорватиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды. Бул тууралуу КРдин Экономика министрлиги билдирди.
Консулдуктун негизги багыттары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Ачылыш аземге министрликтин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын элчиси Рефик Шабанович менен жолугушуп, соода, инвестиция жана кош салык салууну болтурбоо маселелерин талкуулаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат