Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилет

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда талаштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуунун жаңы эрежеси киргизилет. Ага ылайык, сотко кайрылуудан мурда тараптар медиатор менен милдеттүү түрдө маалыматтык жолугушуудан өтүшү керек болот. Тиешелүү № 704 токтомду Министрлер кабинети 2026-жылдын 16-октябрында «Медиация жөнүндө» мыйзамдын 27-беренесинин 6-бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алган.
Милдеттүү түрдө биринчи жолугушуу гана өткөрүлөт. Анда адис тараптарга талашты сотко кайрылбастан кантип чечүүгө болорун түшүндүрөт. Бул мажбурлап элдештирүү же сот адилеттигине жетүү укугун чектөө эмес экени белгиленди.
Акыркы чечим жарандардын өзүндө калат. Эгер алар медиациядан баш тартса, медиатор кайрылгандыгы тууралуу маалымкат берет. Андан кийин ишти сотко өткөрүүгө болот.
Бул эреже жарандык-укуктук талаштардын бекитилген категорияларына карата колдонулат. Ошондой эле кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүш стадиясында анча оор эмес жана оордугу анча жогору эмес кылмыштарга да жайылтылат.
2026-жылдын 20-декабрына чейин Юстиция министрлиги Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин соттордун жана укук коргоо органдарынын маалыматтык системаларына туташтырууну камсыздайт. Мында жеке маалыматтардын корголушу жана медиациянын купуялуулугу сакталууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, Медиаторлор палатасы жана Адвокатура менен биргеликте ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт. Ал тиешелүү инфраструктураны жана кесиптик стандарттарды даярдап, жарандар медиаторду тандоо боюнча кеңеш ала турган байланыш каналын ишке киргизет.
Мындан тышкары, 20-декабрга чейин Министрлер кабинетине мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында медиациялык жардамды мамлекеттик каражаттын эсебинен көрсөтүү тартиби киргизилет. Бул тартип тараптардын укуктук макамы ар башка болгон учурларды да камтыйт.