Кыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы жарандарды өлкөдө жүргөн алгачкы 30 күн ичинде милдеттүү каттоодон бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Документке ылайык, Кыргызстандын жарандары Беларуста жүргөн жеринде каттоого турбастан 30 календардык күнгө чейин боло алышат. Ушундай эле тартип Кыргызстанга келген Беларусь жарандарына да колдонулат.
Бул мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Эгер жаран 30 күндөн ашык калууну пландаса, анда кабыл алган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.
Макулдашууда эки өлкөнүн жарандары чек арадан өтүүдө колдоно ала турган документтердин тизмеси да аныкталган. Алардын катарына жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор кирет.