Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды

20.10.2026 | 12:16
Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды — Новости Кыргызстана

Нарын дарыясындагы Күрп-Сай суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган 13 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Жүргүзүлгөн рейд учурунда суудан 500 метрден ашык мыйзамсыз орнотулган синтетикалык тор чыгарылган. Ошондой эле балык уулоого уруксат берүүчү документтери жок 13 жаран аныкталган.

Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, үч жаранга карата жаратылышка келтирилген зыян боюнча доо коюлуп, актылар жазылган.

Scroll to Top