Хоккей боюнча курама команда дүйнө чемпионатына даярданууда

Хоккей боюнча курама команда дүйнө чемпионатына даярданууда

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады.

Кыргызстан курамасы жалпысынан 6 команда кирген А тайпасынын командаларынын арасында үчүнчү дивизиондо ойнойт. Турнир Бишкекте 10-16-март күндөрү өтөт. Жеңүүчү экинчи дивизионго (Б тобу) өтүү укугун алат.

«20-февралдан тарта команда машыгууну баштап, турнирге негизги даярдыктарды баштады. Команданын тизмесинде учурда 29 оюнчу бар. Командага 1-орунду ээлеп, экинчи дивизионго чыгуу тапшырмасы берилди», — деди КРнын хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Эльзар Болотбеков.

Кыргыз курама командасы 2022-жылы төртүнчү дивизиондун командалары арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңип алса, 2023-жылы үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнирдин жеңүүчүсү болгон. Эки турнир тең Бишкек шаарында өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>