Бишкек мэриясындагы кадрдык алмашуулар: Эки вице-мэр кызматтан бошотулдуШыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдүАлтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп расмий дайындалдыАгартуу министрлиги заманбап бала бакчаларды жана мектептерди курууга чакыруудаБлогерлердин Reels видеосу 1000 доллардан турса да, алар салыктан бошотулатИлон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүз
Кыргызстандын көкпар курамасы Көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты
10.09.2024 | 14:34
Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты.
Кыргызстандык улакчылар бүгүн, 10-сентябрда өткөн жарым финалда Түркия менен ойноп, аларды 15:1 эсебинде жеңди.
Азырынча Кыргызстандын финалдагы атаандашы белгилүү боло элек: финалга Казакстан менен Россия беттешинде жеңишке жеткен команда чыгат. Алардын жарым финалы 11-сентябрда өтөт.