14-июнь: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска чейин көтөрүлөт

Бүгүн, 14-июнда, Ысык-Көл жана Нарын облустарында, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирет Кыргызгидромет.
Күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо — кар жаайт. Бийик тоолуу жолдордо тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнү +17…+22°C, күндүз +32…+37°C;
- Талас облусунда түнү +11…+16°C, күндүз +26…+31°C;
- Ош облусунда түнү +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
- Жалал-Абад облусунда түнү +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
- Баткен облусунда түнү +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
- Ысык-Көл облусунда түнү +9…+14°C, күндүз +22…+27°C;
- Нарын облусунда түнү +8…+13°C, күндүз +22…+27°C.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр, күндүз 14 метрге чейин күчөйт. Абанын температурасы түнү +20…+22°C, күндүз +34…+36°C болот.
Чолпон-Атада түнү жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнү +12…+14°C, күндүз +24…+26°C болот.