Кыргызстандын кооз жана тарыхый жерлеринин реестри түзүлдү

Кыргызстандын кооз жана тарыхый жерлеринин реестри түзүлдү

Өлкө боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында Кыргызстандын 1,5 миңден ашык табигый жана тарыхый кооз жерлери маалымат базасына киргизилди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Бул иш Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленип, өлкөнүн бардык аймактарындагы туристтик дестинациялар тарабынан өткөрүлдү. Эксперттер, гиддер, археологдор туристтерди кызыктыра турган бардык жерлерди камтыган чоң маалымат базасын түзүшкөн.

«Эксперттер бир нече ай иштешти. Андан кийин бардык чогултулган маалыматтар иштетилип, автоматташтырылган маалымат базасына киргизилди. Ар бир объектти сүрөттөрдөн тышкары, анда туристтик бизнестин өкүлдөрү үчүн пайдалуу боло турган фотосүрөттөр, географиялык координаттар жана маалыматтар камтылган. Келечекте ал дагы кеңейтилет. Маалымат Кыргызстандын visitkyrgyz.com сайтында жеткиликтүү. Азыркы убакта биздин өлкөдөгү жүзгө жакын негизги туристтик жерлер белгиленген. Бара-бара бул сан көбөйөт. Биздин блогер, туризм жаата иштеген жарандардан жана жеке эле коомчулуктан маалымат боюнча жардам берет деп үмүттөнбүз. Маалыматты pr@fundtourism.com дарегине жөнөтүүгө суранабыз», — деп билдиришти фонддон.

Сайтта Кыргызстандын табигый жана тарыхый кооз жерлеринин картасы, пайдалуу маалыматтар, туристтер үчүн лайфхактар ​​бар. Бул ресурс биринчи кезекте Кыргызстан менен жакындан таанышканы келген чет элдик саякатчыларга багытталгандыктан, сайт англис тилинде ачылды. Жакынкы арада кыргыз жана орус тилдеринде да жеткиликтүү болот.

Фонд Кыргызстандын «Инстаграмдагы» расмий баракчасы — Visit Kyrgyz Republic колдонуучулар арасында чоң кызыгууну жаратып жатканын белгилейт. Ал ишке киргизгенден бери — эки айдын ичинде — катталуучулардын саны 33 миң 900 адамга жеткен. Баракчада Кыргызстандын ажайып жаратылышы, бай тарыхый мурасы, кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары чагылдырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>