Элдин жүрөгүнөн “кабинет” табыш керек, — Бакиров иш бөлмөсү тууралуу

Элдин жүрөгүнөн “кабинет” табыш керек, — Бакиров иш бөлмөсү тууралуу

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар кесиптеши Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы боюнча маселе көтөрүшүп, аны эл өкүлүнүн макамын тебелөө катары сыпатташты.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев аларга жооп берип жатып: “Өзүңөр мыйзамды билесиңер, “чык” десе эле чыгып кете бересиңерби? Кайра кирип отуруп алыңыздар”, — деди.

Депутат Өмүрбек Бакиров ага иш бөлмө маанилүү эмес экенин айтты.

“Кесиптештер, силерден кечирим сурайм. Иш бөлмөм боюнча маселени ушул трибунага чыгарбай эле коеюн дегем. Бирок, сиз Нурбек Өмүрбекович айткандан кийин жооп берүүнү туура көрдүм. Өткөн жумада жумуштарым боюнча келбей калдым эле. Менин эки жардамчым иш бөлмөнүн эшигин жаап, сыртка чыгып кетишкенде, алар өздөрү (президенттин иш башкармалыгы — ред) эшикти бузуп кирип, менин буюм-тайымдарымды, кагаздарымды, документтеримди эшикке алып чыгып коюшуптур. Мен ошондон бери эми келдим жумушка.

Мен дагы мыйзамды жакшы билем. Алар эмнеге таянып, мындай кылышканын айтышкан жок. Мага иш бөлмө берсе беришсин, бербесе, мага иш бөлмө маанилүү деле эмес. Чоң иш бөлмөдө отуруп, элдин маселесин көтөрө албай, калтырап отургандан көрө, элдин жүрөгүнөн “кабинет” табыш керек болуп калды”, — деди Өмүрбек Бакиров.

Буга чейин депутаттар Тазабек Икрамов, Адахан Мадумаров кесиптеши Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын сынга алышкан.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткет. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>