Мектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталууда
«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалууда
21.10.2026 | 09:31

«Манас» эл аралык аэропортунда мечит куруу пландалууда. Имараттын аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашык адамды батырат. Бул тууралуу долбоор жарыяланган видеокайрылууда айтылат.
Мечит жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен курулат. Акча которуу үчүн реквизиттер видеонун аягында көрсөтүлгөн.
Долбоордун авторлорунун планы боюнча, имарат улуттук колоритти заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырган неостилде курулат.
Курулушту 2026-жылдын аягында баштап, 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Манас аэропорту