Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды

26.10.2026 | 15:24
Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды — Новости Кыргызстана

Коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы болгон. Айматованын каза болгондугу тууралуу кабарды анын үй-бүлөсү бүгүн, 26-октябрда, соцтармакта кабарлашты.

Роза Айтматова 1937-жылдын 8-мартында туулган. Ал Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин жана аспирантураны аяктаган. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болуп, Кыргыз ССР Илимдер академиясында илимий кызматкер, И. Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинде физика мугалими болуп иштеген.

Ошондой эле Айтматова – педагогика жана гендердик маселелер боюнча 200дөн ашык илимий-методикалык макалалардын автору. Ага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. Мындан тышкары коомдук жана саясий иштер менен алектенип, Кыргызстандын парламентинин депутаты болгон.

Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын лидери, «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук бирикмесинин президенти да болуп келди.

Scroll to Top