КРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып берди

Кыргызстанда фермерлер банктарга барбастан жеңилдетилген насыя алуу үчүн кезекке турууга мүмкүнчүлүк берген «iDyikan» мобилдик тиркемеси расмий түрдө ишке киргизилүүгө даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда «АгроТехЭкспо» айыл чарба көргөзмөсүнүн жана «Алтын күз» жарманкесинин жүрүшүндө ЖМКларга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, аграрийлердин негизги көйгөйлөрүнүн бири — каржылоо жана керектүү маалыматтарды алуудагы кыйынчылыктар бойдон калууда.
Тактап айтканда, дыйкандар мамлекет тарабынан пайыздык чендери субсидияланган насыялар боюнча кезектин ачык-айкын эместигине нааразы болуп келишет. Бул маселени чечүү үчүн «iDyikan» тиркемесинде электрондук катталуу жана кезекке туруу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан соң банктар системадан керектүү маалыматтарды өздөрү ала алышат.
«Биз фермерлерден акча же керектүү маалыматтарды алуу кыйын болуп жатканын көп угабыз. Атап айтканда, мамлекет айыл чарбасы үчүн насыялардын пайыздык чендерин субсидиялайт, бирок дыйкандар банктардан мындай насыяларды алуу оор экенине жана кезекте тургандардын тизмеси ачык-айкын эместигине даттанышат. Ошондуктан, iDyikan’дын алкагында биз фермерлердин банкка баруусунун кажети жок кылып жасадык. Алар тиркемеге катталып, кезекке тура алышат, ал эми банктар ал жактан маалыматтарды өздөрү алышат», — деди Акунбеков.
Министр белгилегендей, бул система ведомствого арыздардын каралышын жана дыйкандарда жаралган көйгөйлөрдү көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берет.
Анын айтымында, тиркеме акыркы эки ай ичинде сыноодон өттү. Аны расмий ишке киргизүү 24-октябрга пландалган. Учурда иштеп чыгуучулар акыркы оңдоп-түзөө иштерин аяктап жатышат. Акунбеков ошондой эле «iDyikan» буга чейин эле бир катар мамлекеттик маалымат системалары, анын ичинде «Түндүк», Кадастр жана малды көзөмөлдөө системасы менен интеграцияланганын билдирди. Банктарды туташтыруу иштери уланууда. Ошондой эле «Кыргызспутник» менен да интеграциялоо каралган.
Тиркеме аркылуу фермерлер өсүмдүк өстүрүүчүлүккө да, мал чарбачылыгына да байланыштуу маалыматтарды ала алышат деп күтүлүүдө.
Reporter.kg маалыматы: «iDyikan» мобилдик тиркемеси Кыргызстанда фермерлер жана айыл чарба кызматкерлери үчүн бирдиктүү санариптик сервис катары иштелип чыккан.
Анын негизги функциялары:
• Агроконсультациялар — айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, мал багуу жана зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча сунуштар.
• Мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк — субсидияларды, маалымкаттарды жана Айыл чарба министрлигинин башка документтерин алууну жеңилдетүү.
• Базар баалары — өлкөнүн ири базарларындагы айыл чарба продукцияларынын, күйүүчү-майлоочу майлардын жана тоюттун баалары тууралуу маалымат.
• Пайдалуу карталар — үрөнчүлүк чарбалардын, ветеринардык дарыканалардын жана продукция кабыл алуу пункттарынын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар.
Бул кызматтарды бир платформага бириктирүү фермерлерге керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жана мамлекеттик колдоого электрондук форматта кайрылууга шарт түзөрү болжолдонууда.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова